Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Ирактагы жардыруунун курмандыктары 30га жакындады


Ирактагы жардыруу болгон жер.
Ирактагы жардыруу болгон жер.

Ирактын баш калаасы Багдаддагы эки жардыруудан каза болгондордун саны 28ге жетти. Шаардын борборундагы базарда жанкечти өзүн жардырган. Расмий бийликтин маалыматы боюнча, дагы 73 киши жарадар болду. Жардыруу болгон учурунда базарда эл көп болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи жанкечти базарда өзүн жаман сезип жатканын айткан. Ага жардам бериш үчүн адамдар топтолгондо жардыргыч затты иштеткен.

Ал эми экинчи жардыруу базардагылар биринчи жардыруудан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жаткан учурда болгон.

Дарыгерлер каза болгондордун саны көп болуп чыгышы мүмкүн деп чочулап жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги Багдаддагы бардык дарыгерлерди мобилизациялады.

Акыркы чабуул Ирактын баш калаасындагы 2018-жылдын башындагы жардыруудан берки эң кандуу кол салуу болуп калды. Анда дал Таяран аянтында жанкечти өзүн жардырып, 30дан ашык адам каза болгон.

Диний пикир келишпестиктен улам тиреш күчтүү болгон Иракта кийинки убакта мындай окуялар азайып калган эле. Акыркы жолу 2019-жылы жайында жардыруу катталып, бир нече адам каза болгон. Ал учурда террордук чабуулдарды көбүнчө «Ислам мамлекети» тобу уюштуруп келген.

Ирак бул террордук топту 2017-жылдын аягында толугу менен жеңгенин жарыялаган. Бирок согушкерлер айрым тоолуу аймактарда иш жүргүзгөнү боюнча маалыматтар айтылып келет.

XS
SM
MD
LG