Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Навальныйдын басма сөз катчысы Ярмыш 9 күнгө камакка алынды


Кира Ярмыш.
Кира Ярмыш.

Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш уруксатсыз митингге үндөгөнү үчүн тогуз күнгө камалды. Тиешелүү чечимди Москвадагы Савелов райондук соту кабыл алды. Анда Ярмыш 23-январга белгиленген Алексей Навальныйды колдоо боюнча уруксатсыз акцияларга башкаларды чакырган деп табылды.

Орус бийлиги апта соңуна белгиленген ири нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн убактылуу тергөө абагындагы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын тарапташтарын четинен кармап жатат.

21-январда Кира Ярмыш менен катар Навальныйдын дагы төрт үзөңгүлөшү: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров кармалган болчу. Кира Ярмыштан башкалары суракка алынган соң бошотулган.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирүү таркатып, нааразылык жыйындарына чакыргандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Германиядан Орусияга учак менен кайтып келгенден кийин, 17-январда «Шереметьево» аба майданында кармалган Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары калайыкты 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.

Алексей Навальныйга карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.

Оппозициячыл саясатчы кармалган соң көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери орус бийлигинин аракетин сынга алып, бошотууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG