Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

“Илимдеги кыздар” үчүн ЖРТга даярдануу боюнча акысыз окуу башталды


“Илимдеги кыздар” үчүн ЖРТга даярдануу боюнча акысыз окутуу башталды.
“Илимдеги кыздар” үчүн ЖРТга даярдануу боюнча акысыз окутуу башталды.

Бүгүн, 23-январда Secom билим берүү борборунда “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкан кыздарды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) бекер даярдаган окутуу башталды.

STEM предметтерине басым жасоо менен өткөрүлө турган окутууга Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй облусунун жана Ош облусунун Кара-Суу районунун пилоттук 81 мектебинен жалпысынан 387 окуучу тандалып алынган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратуусуна шарт түзүүнү көздөйт.

Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиянын Америка университетинин коллежи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

«Илимдеги кыздар» программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 миң кызды тренингдерге тартуу максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча командага мыкты, тажрыйбалуу адистер тартылган.

STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду бүгүнкү күндө кыздардын так илимдердеги орду, саны боюнча анализ жүргүзүү, менторлук иш-чара, кыздарды ЖРТга даярдоо менен так илим багыты боюнча окуу жайларга өтүүдө багыт берүү жана билим берүү стандарттарын анализдөө менен атайын колдонмо, программаларды даярдоодо. 14-18 жаштагы 500 окуучу кызга жамааттарындагы жаш кыздарга үлгү жана миңдеген кыздарды өзгөрүүгө шыктандыруучу болууга жардам көрсөтүлөт. Азырынча Бишкек шаарынын жана Чүй, Ош облусундагы пилоттук мектептерден кыздар тандалып алынат. (BCh)

XS
SM
MD
LG