Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

Лондондо вьетнамдык мигранттардын өлүмү үчүн жети киши соттолду


Ичинде 39 адамдын сөөгү бар фургон Эссекс шаарынын жака белинде 23-октябрда табылган.
Ичинде 39 адамдын сөөгү бар фургон Эссекс шаарынын жака белинде 23-октябрда табылган.

Улуу Британияда 39 вьетнам мигрантынын өлүмүнө айыпталган жети адамга карата сот өкүмү чыкты. Ишти 22-январда Лондондун жазык иштери боюнча сотунун судьясы Найжел Суини карады.

Ал сөөгү жүк ташуучу автомашинанын ичинен табылган мигрант эркектер, аялдар жана өспүрүмдөр кыйналып өлгөнүн белгилеп, соттолуучуларды 3 жылдан 27 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. Алардын төртөөнө "адамдарды кокустуктан өлтүрүү”, ал эми үчөөнө “адам сатуунун кирешелүү схемасын түзүп алуу” деген айыптар тагылган.

2019-жылы Британияда 39 адамдын сөөгү жашырылган машина табылган. Кийин ал адамдар Бельгиядан жашыруун ташылып келе жаткан вьетнамдык мыйзамсыз мигранттар болгону аныкталган.(RK)

XS
SM
MD
LG