Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

COVID-19: Кыргызстан жаңы эреже киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-январдан тартып Кыргызстандын башка жактардан учак менен кайтып келген жарандары коронавирустан таза экенин тастыктаган аныктамасын аэропорттон көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мындай анализ акыркы 72 саат ичинде жасалган болушу шарт.

Жаңы эреже коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын Кыргызстанга кирүүсүн алдын алуу максатындагы күчөтүлгөн коопсуздук чараларына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Эгер учуп келген жүргүнчүнүн тийиштүү кагазы жок болсо же мөөнөтү өтүп кетсе ПЧР анализ аэропорттон алынат.

Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн автомашина менен киргендердин баары да ПЧР тест өткөнү тууралуу кагазын көрсөтүшү керек. Илдеттин белгилери байкалгандар ооруканага, ал эми алар менен контакт болгондор обочолонууга жөнөтүлөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 84 миңге чамалады, алардын 1,5 миңдейи каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG