Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Сот Сооронкулованын БШК боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Административдик соту президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (Боршайком) каршы арызын канааттандыруудан баш тартты. Иш бүгүн, 23-январда каралды.

Сооронкулова мындай чечимге макул эместигин айтууда:

"Жогорку сотко кайрылабыз. Кандай болбосун, аягына чыгарышыбыз керек".

Сооронкулова сотко БШКнын «Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранып кайрылган. Анын айтымында, БШК Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек эле жана Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпайт болчу.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Жапаров акталганын 20-октябрда кабарлаган.

17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 80% жакын добушун алып, жеңишке жеткенин БШК 21-январда расмий жарыялаган.

Шайлоонун эртеси Жапаров аны менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG