Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

Артем Новиков: Пенсия жана жөлөкпул өз маалында төлөнүп жатат


Артем Новиков.
Артем Новиков.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик казынадан каржылануучу социалдык төлөмдөрдүн баарын өз маалында төлөп жатат. Бул тууралуу 22-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, январь айынын бардык социалдык төлөмдөрү, пенсия жана жөлөкпул график боюнча, эч кармалбастан төлөнүүдө.

Новиков өкмөт 2020-жылдагы каржылык жана экономикалык проблемалардан сабак алып, бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгарын айтты.

Былтыр 25-ноябрда өкмөт бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган.

25-декабрда Орусия Кыргызстанга 20 миллион доллар берип жатканы, бул акча бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына, пенсияга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого жумшалары айтылган.

Айрым талдоочулар Кыргызстанда январь айында пенсия-айлык төлөнбөй калышы ыктымалдыгын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG