Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Британия коронавирус көп жайылган өлкөдөн баргандарды 10 күн карантинде кармаганы жатат


Лондондун Heathrow аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Лондондун Heathrow аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британиянын өкмөтү коронавирус көп жайылган өлкөлөрдөн барган бардык адамдарды 10 күн карантинде кармоо тууралуу чечим кабыл алганы жатат. Daily Mail басылмасы билдиргендей, министрлер кабинети азыр мындай өлкөлөрдөн баргандарды өзүнчө мейманканага жайгаштыруу боюнча план түзүүдө. Чечим дүйшөмбүдө кабыл алынат.

Ошону менен катар британ өкмөтү локдаун тууралуу мыйзамдардын мөөнөтүн узартып, жергиликтүү бийликке 17-июлга чейин ресторан-дүкөн жана башка коомдук жайларды убактылуу жабууга укук берди.

Премьер-министр Борис Жонсон ооругандар азайбай жаткан чакта, эмдөөнүн үзүрү боюнча ишеним калыптана элек болуп турганда чектөөлөрдү алуу тууралуу азырынча сөз да болушу мүмкүн эместигин билдирди.

Соңку бир күндө бул өлкөдө коронавирустан 1 348 адам каза болду, дагы 33,5 миң бейтап жаңы катталды. Кайтыш болгондор жалпысынан 97 миңге, ооруну жугузуп алгандар 3,6 миллионго чукулдады.

Декабрь айында Улуу Британияда COVID-19дун тезирээк жайылуучу жаңы штаммы аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG