Кыргызстандын коронавируска каршы республикалык ыкчам штабынын бүгүнкү, 24-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки киши каза болду. Алар экөө тең Бишкек шаарынын тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1400 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй (43) облусунда жана Бишкек шаарында (35).
Оору жуккандардын жалпы саны 83 900 кишиге жетти.
Бир күндө 155 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 676 адам жатат, дагы 967 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4168 адамга жетти, алардын 4075и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору төрт дарыгерден табылды.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)