Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

«Кыргызалтын»: Терек-Сайдагы кырдаалдын кесепети ыкчам жоюлду


Терек-Сай. Архивдик сүрөт.
Терек-Сай. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасында түзүлгөн кырдаалдын кесепети ыкчам жоюлду, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок. Бул тууралуу 24-январда “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуяга байланыштуу “Кыргызалтындын” жетекчилигинен жана тийиштүү адистерден турган ыкчам штаб түзүлгөн. Сууну сордуруп алуучу насос оңдолуп, тоонун боорунда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кырдаал жөнгө салынып, ишкананын көзөмөлүндө турат.

23-январда алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасына караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган. Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей турууну эскерткен.

Биргелешкен ишкананын капиталынын 75% Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясына, 25% Кыргызстандын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90% жергиликтүү тургундар.

Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. (RK/TB)

XS
SM
MD
LG