Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

АКШ Кытайды Тайванга басымын токтотууга чакырды


Тайвандын картасы.
Тайвандын картасы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайды Тайванга карата басымын токтотууга чакырды. Мекеменин расмий өкүлү Нед Прайстын 24-январдагы билдирүүсүндө “Биз Пекинди Тайванга аскердик, дипломатиялык жана экономикалык басым жасоону токтотуп, анын ордуна демократиялык жол аркылуу шайланган өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог баштоого чакырабыз” деп айтылды.

Андан бир аз мурдараак Тайван бийлиги Кытайдын сегиз бомбалоочу жана төрт тик учагы түштүк-чыгыштагы белги коюлган аймагына киргенин маалымдаган.

Прайс Кытай өзүнүн кошунасын коркутуп алуу аракетин улантып жатканына Кошмо Штаттар кабатыр экенин белгиледи.

1979-жылы АКШ өкмөтү Кытайдын маанайына жагымдуу кадам жасап, өзүнүн Тайван менен дипломатиялык алакасын кыйла салкындаткан. Кытай Тайванды өзүнүкү деп тааныйт жана бул аралдагы өзүн мамлекет деп эсептеген субъектини дүйнөлүк алкакта саясий өңүттө обочо калтырууга колдон келишинче аракет кылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG