Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы өттү


"Мыйзамдуулук үчүн!" маршынын катышуучулары. 2021-жылдын 24-январы.
"Мыйзамдуулук үчүн!" маршынын катышуучулары. 2021-жылдын 24-январы.

Бүгүн, 24-январда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы болуп өттү. Уюштуруучулар "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, акцияга отуздай адам катышты. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, жүрүшүн адаттагыдай эле Ала-Тоо аянтынан жыйынтыкташты.

Акцияда Кыргызстанда коррупциянын жоюлушу, мыйзамдуулуктун орношу тууралуу талаптар коюлуп, Орусиядагы соңку митингдерди колдогон ураандар да айтылды.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG