Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

АКШ "Талибан" менен келишимдин аткарылышын кароону көздөйт


АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). келишимге кол коюу учуру. Доха, 29-февраль, 2020-жыл
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо). келишимге кол коюу учуру. Доха, 29-февраль, 2020-жыл

АКШ Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракети боюнча "Талибан" кыймылы менен келишимди кайрадан карап чыгууну көздөйт. Анда талиб согушкерлери келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин канчалык аткарып жатканы каралат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб менен сүйлөшкөн учурда белгилүү болду.

2020-жылдын февраль айында кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек. Бул үчүн “Талибан” кыймылы зомбулуктарды токтотуп, “Ал-Каида” сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү керек болчу. Бирок соңку учурда Ооганстанда жайкын тургундары кол салуу, ар кыл жардыруулар көбөйүүдө. Мындай кырдаал ооган өкмөтү менен талибдер ортосундагы Катарда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабай болуп жатат.

Салливан Кошмо Штаттардын жаңыдан ишке киришкен президенти Жо Байдендин администрациясы ок атууну токтотуу үчүн эки тарап ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колдой турганын билдирди. Ошондой эле буга чейинки келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн карап чыгуу зарыл экенин америкалык жетекчи кошумчалаган.

Былтыр февраль айында АКШ кыймыл менен 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документке ылайык, Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнүн биринчи айлампасын быйыл жыл башында башташы керек эле.

XS
SM
MD
LG