Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата жаңы чараларды талкуулашат


Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан.
Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан.

25-январда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусиядагы Алексей Навальныйдын камалышын жана соңку акциялардын катышуучуларын кармоого каршы чараларды талкуулашат.

Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелл жолугушуунун жүрүшүндө Орусияга карата «кийинки кадамдар» караларын билдирди. Буга чейин Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү Москвага карата санкцияларды күчөтүүнү сунуш кылышкан.

23-январда Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө полиция орой түрдө күч колдонуп, катышуучуларды кармаган. Өз алдынча «ОВД-Инфо» мониторинг борборунун маалыматы боюнча, 3700дөн ашык адам кармалды.

Батыш өлкөлөрү демонстранттарга карата катаал чараларды айыптап чыгышты. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан 24-январда акцияга чыккандардын жапырт кармалышын сынга алып, аны Орусия авторитаризмге карай багыт алганынын сигналы катары сыпаттады.

Орусиянын бийлиги болсо Батыштын мындай аракетин ички ишке кийлигишүү катары баалап жатат.

XS
SM
MD
LG