Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Нур-Cултанда аялдар нааразылык акциясына чыгышты


Нур-Султанда нааразылык акциясына чыккан аялдар. 25-январь, 2021-жыл.
Нур-Султанда нааразылык акциясына чыккан аялдар. 25-январь, 2021-жыл.

Казакстандын баш калаасында 30дай аял Өкмөт Үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар «Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы туруу» жөнүндө мыйзамдын долбооруна каршылыгын билдиришти. Аялдардын пикири боюнча мыйзамда чектөөлөр абдан көп. Алар эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, бийликте ата-эне укугунан ажыратып, балдарын тартып алууга көбүрөөк укук пайда болот деп эсептешет.

«Бул мыйзамда балдардын укугу кантип корголушу керек экени так жазылган эмес. Маселен, 111 номуруна чалган бала тууралуу маалымат чогултулуп, каалаган күнү ата-энеге каршы колдонсо болот экен. Биз бул мыйзамдын толук жокко чыгарылышын талап кылабыз», - деди митингге чыккан көп балалуу энелердин бири Молдир Сарсенбаева.

Аялдар учурда бул мыйзам долбооруна каршы кол топтоп, андан соң петицияны президентке жана Коопсуздук кеңешине жиберүүнү көздөп жатканын айтышты.

Аталган мыйзам парламентте биринчи окуудан өтүп, кайра иштеп чыгууга жиберилген. Президент Касым-Жомарт Токаев демилгечилерди «бардык тараптардын пикирилерин эске алууга» чакырган.

Социалдык тармактын колдонуучулары мыйзам долбоорунда «ар бир баланын өзүнчө бөлмөсү болуш керек», «муздаткыч тамакка толуп туруш керек» деген сыяктуу талаптар бар экенин айтып, сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG