Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Орусия соту Навальныйдын доо арызын карайт


Алексей Навальный «Шереметьево» аэропортунда. 17-январь, 2020-жыл.
Алексей Навальный «Шереметьево» аэропортунда. 17-январь, 2020-жыл.

28-январда Москва облустук соту Химки шаардык сотунун Алексей Навальныйды 30 күнгө камоо тууралуу чечими боюнча адвокаттардын доо арызын карайт. Бул тууралуу Кремлдин оппонентинин жардамчысы Леонид Волков «Твиттерге» жазды.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.

Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.

23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 3500дөй адам кармалганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG