Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Токаев Казакстанда жасалган вакцинаны сайдырат


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 10-январь, 2021-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 10-январь, 2021-жыл.

Казакстанда жасалган вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө аны президент Касым-Жомарт Токаев сайдырарын билдирди. Бул тууралуу ал 25-январда өкмөттүн кеңейтилген отурумунда айтты.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ушул тапта казакстандык «QazCovid» вакцинасы сыноонун үчүн баскычынан өткөрүлүп жатат. Аны 19-декабрдан бери үч миңдей ыктырячыга сайышкан.

Казакстанда коронавируска каршы жапырт вакцинация 1-февралда башталат. Алгач Орусиянын «Спутник-V» вакцинасы менен медицина кызматкерлери, андан соң мугалимдер жана өнөкөт оорулары бар адамдар эмделет.

Министрликтин маалыматына караганда, 18 жашка чейинки балдарга жана 65 жаштан өткөндөргө вакцина азырынча сайылбайт.

Министр Алексей Цой коронавирус жуккандар көбөйүп жатканын жана март айынын аягын барып туу чокусуна чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда 170 миңден ашык адамга коронавирус жуккан. Анын кесепетинен 2,4 миңдей адам каза болду. Казак бийлиги вирус аныкталбай, бирок өпкө кагынынан каза болгондорду өзүнчө эсептеп келет.

XS
SM
MD
LG