Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

«Чек арасыз кабарчылар» Евробиримдикти Орусияга санкция салууга чакырды


23-январда Орусиядагы нааразылык акциясында жарадар болгон демонстрант.
23-январда Орусиядагы нааразылык акциясында жарадар болгон демонстрант.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму Евробиримдикти 23-январда өткөн акцияларда «50дөй журналисттин кармалганына» байланыштуу орус аткаминерлерине санкция киргизүүгө чакырды.

Парижде жайгашкан уюм 26-январда тараткан билдирүүсүндө Орусиядагы митингдерди чагылдырган кабарчылар «болуп көрбөгөндөй куугунтукка» кабылганын белгилейт.

«Полиция айрым маалымат каражаттарын атайылап куугунтуктап, кээ бир журналисттер тартып алган видеолорду өчүрүш үчүн жеке батирлерге чейин кирип барды», - деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм жетекчиси Жеан Кавелье.

Ал орус бийлигин «сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй тоскоолдук кылууну» токтотууга чакырды. Ошондой эле Кавелье Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмун (ЕККУ) «зомбулукту жана камакка алууну» сынга алууга, ал эми Евробиримдикти «орус аткаминерлерине каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө» чакырды.

23-январда Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылгандар акция өткөрүшкөн. Ага катышуу үчүн өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Анда төрт миңге жакын адам кармалып, бир нече журналист сабалган.

XS
SM
MD
LG