Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Ооган өкмөтү талибдерди «Катардагы сүйлөшүүнү бузуп жатат» деп айыптады


Кабулдун Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан өкүлү Надер Надери.
Кабулдун Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан өкүлү Надер Надери.

Кабулдун тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өкүлү Надер Надери «Биздин эл жана өкмөт баарынан мурда тынчтыкты жана зомбулукту токтотууну көздөйт», деп жазды «Твиттерге».

Ал талибдер Дохадагы тогуз күндөн бери Катардагы сүйлөшүүлөргө катышпай жатышканын кошумчалады.

«Талибан» кыймылы бул сөздөрдү төгүндөп, эки тарап бири-бири менен байланышта экенин билдирди.

«Бир да сүйлөшүү үзгүлткүсүз күнүгө уланбайт. Анткени ички сүйлөшүүлөр дагы зарыл», - деп белгиледи Дохадагы талибдердин кеңсесинин өкүлү Мохаммад Наим.

Катардагы сүйлөшүүлөр уланып жаткан кезде АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы өткөн жылы «Талибан» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгарын билдирди. Ак үйдүн маалыматына караганда, алар талибдер атышууну токтотуу жана ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин канчалык аткарып жатканын текшеришет.

Өткөн жылдын февраль айында АКШ менен талибдердин ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, чет элдик күчтөр Ооганстандан 2021-жылдын май айына чейин чыгарылышы керек. Ал эми мунун ордуна талибдер атышууну токтотууга жана «Аль-Каида» менен байланыштарды үзүүгө милдеттенме алышкан.

Расмий Кабул Байдендин администрациясынын билдирүүсүн кубаттады.

XS
SM
MD
LG