Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

ИИМ: Жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% аны өз жакындарынан көрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөт. Бул тууралуу 27-январда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеме билдиргендей, балдарга карата мындай зомбулук өз үйүндө же конокто жүргөндө жасалары аныкталган.

ИИМ ата-энелерди балдарына сак жана жоопкерчиликтүү болууга, аларды жеке коопсуздук эрежелерине үйрөтүүгө чакырды. Ошону менен катар баланын чөнтөк телефонуна ыкчам жардам үчүн «Менин аймактык милиция инспекторум» же «112 Кыргызстан» тиркемелерин жүктөп берүү керек экенин кошумчалады.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңдей бала эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG