28-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0…5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -28…-33, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 1…3 градус болот.