Казакстанда мунайчылар айлык акысынын көтөрүлүшүн талап кылып иш ташташты. Актөбө облусундагы «КМК Мунай» ишканасынын 200дөй жумушчусу айлык акыдан сырткары жатакананы бургулоочу жерден алыс көчүрүүнү, тамак-аштын сапатын көтөрүүнү, профсоюздун ишин жакшыртууну жана иш таштагандарды куугунтуктобоону талап кылды.
Алардын айтымында мунай ишканасынын президенти айлык акыны 20% көтөрүүгө макул болгон. Бирок жумушчулар 100% жогорулашын көздөшөт.
Жергиликтүү бийлик 25-январдан бери мунайчылар менен компаниянын жетекчилиги орток пикир таба албай жатышканын билдирди.
400дөй адам иштеген «КМК Мунай» компаниясы 2004-жылы негизделген. Сайтындагы маалыматка караганда Актөбө облусундагы бир нече мунай кенин иштетүүгө келишим түзгөн. Компаниянын акционерлери болуп Панамада катталган «Yukon Energy Holding S.A» компаниясы жана «СНПС-Актобемунайгаз» казак-кытай ишканасы эсептелет.