Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Тунисте демонстранттар парламент имаратына кирүүгө аракет кылышты


Тунистеги демонстранттар менен полиция кагылыша кетти. 17-январь, 2021-жыл.
Тунистеги демонстранттар менен полиция кагылыша кетти. 17-январь, 2021-жыл.

Тунисте нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышты. Коопсуздук күчтөрү ага жол беришкен жок. 26-январдагы митинг ай башында тутанган демонстрациялардын эң ириси болуп калды. Бир апта мурда демонстранттар полиция менен кагылыша кетишип, бир адам каза болгон, көбү камалган. Көчөгө чыккандар «Парламент жоголсун» деген ураандарды чакырып, өкмөттөгү кадр алмашууга жана экономикалык кризиске нааразылыгын билдирип жатышты. Алар ошондой эле кармалган демонстранттарды бошотууну талап кылышты.

26-январда өкмөт башчы Хичем Мечичи сунуш кылган жаңы министрлер кабинетин президент Кайс Сайед жактырбай койду. Тунистеги саясий чыңалуу экономикалык кризистин күчөшүнө түрткү болду. Пандемия башталгандан бери бул өлкөнүн экономикасы 8% кемиген.

Быйыл январда «Араб жазын» тутанткан Тунистеги революцияга он жыл болду.

XS
SM
MD
LG