Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

ИИМ: Инаугурация күнү Бишкекте 2,5 миң милиционер иштейт, жол жабылбайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

28-январда президенттин инаугурациясы учурунда Бишкектин көчөлөрүндө автоунаанын кыймылы чектелбейт, кортеж өткөн убакта гана жол кесилиштеринде кыймыл бир нече секундага токтойт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 27-январда билдиргендей, бул күнү Бишкек милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн режимде иштейт. Жалпысынан 2,5 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы филармонияда өтөт. Ага миңден ашуун конок чакырылганы, баары коронавирус инфекциясына ПЧР анализ тапшырышканы белгилүү болду.

Инаугурациянын жүрүшү Коомдук телерадиокорпорация, республикалык телеканалдар жана Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы атайын монитор аркылуу түз көрсөтүлөт. Аземди түз алып көрсөтүү 10.45те башталат.

Президенттин аппараты буга чейин инаугурацияга мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери чакырылганын маалымдаган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG