Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Алматыда коронавируска байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү


Алматы.
Алматы.

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус инфекциясы тараганына байланыштуу чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чараларды камтыган токтомго шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койду. Ага ылайык, 1-февралдан тартып шаардагы театрлар жана кинотеатрлар жабылат.

Буга чейин аталган объектилер 2020-жылдын октябрынан баштап айрым чектөөлөр менен ишин жанданткан.

Ошондой эле соода жана көңүл ачуу борборлору саат 10дон кечки 20га чейин ачык болот. Ал эми дем алыш күндөрү таптакыр ачылбайт. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жана дарыканалардын ишине чектөө жок, бирок имараттын ичинде чектелүү санда гана адамдар болушу керек.

Мындан сырткары той-топурларды, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, форумдарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Казакстанда былтыртан бери 182 миңден ашык адам коронавирус жугузуп алса, 2521 адам илдет кесепетинен улам каза болду. Мындан сырткары өпкө кагынынан 564 адам көз жумганы өз алдынча эсептелген.

XS
SM
MD
LG