Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бишкек: Шаардык кеңеш деталдык пландоо долбоорун кайра карайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаардык кеңешинин президиуму баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча маселени кайра карап чыгат. Бул тууралуу 28-январда «Азаттык» радиосуна шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов билдирди.

Докеновдун айтымында, ДПДны мэрия иштеп чыгып, шаардык кеңеш аны бекитип гана берген. Эми соттун чечиминен кийин маселе кайра каралып, эгер ката кеткен болсо ал долбоор жокко чыгарылат, эгер баары туура болсо, апелляциялык арыз жазылат.

27-январда Бишкектин Административдик соту шаардык кеңештин деталдык пландоо долбоору боюнча токтомун жараксыз деп тапканын «Азаттыкка» сотко кайрылган активисттердин бири, юрист Эрик Ирискулбеков айтып берген:

«Мисалы, башкы план боюнча Сүйүнбаев көчөсүндөгү кесилиштердин биринде бакча ачылмак, ал эми ДПД боюнча ал жерге көп кабат үй салынары жазылып калыптыр. Ошондой жагдайлар көп болуп жатат. ДПД кайрадан иштелип чыгышы керек».

Ирискулбеков кошумчалагандай, долбоорду иштеп чыгууга шаар калкынын өкүлдөрү чакырылган эмес. Анын айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган он жылдык башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG