Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Эл аралык бирикменин мурдагы жетекчилери орус спортчуларынын таламын талашканы аныкталды


Андерс Бессеберг.
Андерс Бессеберг.

Эл аралык биатлончулар бирикмесинин (IBU) мурдагы жетекчилигинин «системалык коррупциясынын жана этикага жатпаган жүрүм-турумунун» далилдери аныкталды. Бул тууралуу аталган спорттук органдын тапшыруусу менен иликтөө жүргүзгөн көз каранды эмес комиссиянын баяндамасында айтылат.

28-январда жарыяланган отчётто эл аралык бирикменин мурдагы президенти Андерс Бессеберг жана мурунку баш катчысы Николь Реш орусиялык биатлонисттердин допинг колдонгону боюнча маалыматты жашырганы жөнүндө сөз болот.

«Терең иликтөөдөн соң комиссия Андерс Бессеберг мырза жана Николь Реш айым Эл аралык биатлончулар бирикмесинин эрежелерин бузганы үчүн жооп берчү иштер бар деген жыйынтыкка келди. Мында алар салмактуу негизи жок туруп, айрыкча кызытмага каршы күрөш маселесинде Орусиянын кызыкчылыгын коргогон», деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле отчётто Эл аралык биатлончулар бирикмесин 25 жыл жетектеген Бессеберг Орусиянын кызыкчылыгын коргоп келгени белгиленген. Ал Орусияга балык улоого барып, ар кандай белек-бечкектерди алып турганы жана Москвада жүргөн учурунда үчүнчү тараптын каржылоосу менен «жеңил ойлуу кыздардын кызматынан» пайдаланганы жөнүндө сөз болот.

Бессеберг жана Реш 2018-жылы кызматтан кетишкен. Ошол маалда Австрия полициясы орусиялык спортчулардын кызытма колдонгонун жашырганы боюнча кылмыш ишинин алкагында Эл аралык биатлончулар бирикмесинин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн эле. Ал учурда бул спорттук жетекчилерге эч кандай айып коюлган эмес.

XS
SM
MD
LG