Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкекте «Батыш Европанын көркөм сүрөт өнөрү» көргөзмөсү өтүп жатат


Көркөм өнөр музейи.
Көркөм өнөр музейи.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Батыш Европанын көркөм сүрөт өнөрү» фондунда сакталып турган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Көргөзмөгө 80ден ашуун живопись, графика жана скульптура эмгектери коюлган. Алардын авторлору – Италиянын, Франциянын, Германиянын жана Голландиянын XVI-XX кылымдардагы искусство чеберлери.

Алберт Дюрер, Эжен Делакруа, Ян-Баптист Ламбрехтс жана башкалар тарткан бул сүрөттөрдүн айрымдарын Кыргызстанга 1947-жылы Орусиянын Мамлекеттик эрмитажы өткөрүп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG