Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Навальный тарапташтарын акцияга чыгууга чакырды


Алексей Навальный тергөө абагында.
Алексей Навальный тергөө абагында.

Тергөө абагындагы кармалып турган орус оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тарапташтарына кайрылып, 31-январдагы нааразылык акцияларына чыгууга чакырды. 28-январда Москва облустук соту Навальныйдын адвокаттарынын апелляциялык арызын четке каккан. Бул чечимден соң саясатчынын орусиялыктарга кайрылып, жаңы акцияларга чыгууга чакырды. Мындай чакырыкты камтыган кат Навальныйдын расмий сайтына жарыяланды.

Навальныйдын тарапташтары Орусия боюнча экинчи нааразылык акцияларын 31-январда уюштурууну пландап жатышат. Буга чейин 23-январда өлкөнүн ондогон шаарларында Навальныйды абактан бошотууну талап кылгандардын акциялары өткөн. Анын жүрүшүндө полиция демонстранттарга карата күч колдонуп, 4000ге жакын киши кармалган. Орус бийлиги бул акциялар уруксатсыз өткөнү үчүн тартип бузгандар кармалганын билдирүүдө.

44 жаштагы Алексей Навальный - Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бири жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

Ден соолугу калыбына келген соң Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага келери менен аэропортто кармалып, 30 күнгө камакка алынды.

Навальныйдын камакка алынышын бир катар өлкөлөр сынга алып, орус бийлигин аны эркиндикке бошотууга чакырып жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү Навальныйдын ишинен улам Орусияга карата санкциялар күчөтөлүшү мүмкүн экенин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG