Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Чет элдик лидерлер Жапаровду куттуктоодо


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровду мамлекет башчылык кызматка расмий киришүүсү менен куттуктаган каттар келе баштады. 29-январда президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, алгач өз куттуктоосун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жөнөткөн. Ал түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын билдирип, ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырды.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өз куттуктоосунда: «Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демократияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз», деди.

Словакиянын президенти Зузана Чапутова эки өлкө ортосундагы мамилеге жогору баа берип, глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик каалады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон: «Биздин саясат, ошондой эле маданий жана экономика багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты улантууга жана тереңдетүүгө болгон каалоомду дагы бир жолу тастыктайм», деп белгиледи.

Жапаровду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш да куттуктап: «Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттайм», деди.

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин: «Өткөн жылдагы оор кырдаалга карабастан Түштүк Корея менен Кыргызстан пандемияга каршы биргелешип күч-аракет жумшашканын жогору баалайм. Мындан ары дагы тыгыз кызматташабыз деп ишенем», деп билдирди.

Германиянын канцлери Ангела Меркел: «Биз алаканы улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук тилеп, Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», деди.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга: «Узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары да өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. «Борбор Азия + Жапония» диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аймактын туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенебиз», деп билдирди.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. Жапаровдун инаугурациясы 28-январада өттү. Куттуктоолор уланууда.

Инаугурация учурунда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосун анын атайын өкүлү Жансеит Туймебаев окуп беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG