Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Эл аралык эксперттер Уханда коронавирустун чыгышы боюнча иликтөөнү баштады


Уханга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери. СGTN каналы көрсөткөн репортаждан алынган сүрөт.
Уханга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери. СGTN каналы көрсөткөн репортаждан алынган сүрөт.

СOVID-19 вирусунун чыгышын иликтеген эл аралык эксперттер тобу Кытайдын Ухань шаарында ишин баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Кытайда эки апталык карантинден соң 28-январда Ухандагы ооруканага барып, кытайлык окумуштуулар менен жолукту. Эми алдыдагы эки жума ичинде адистер 2019-жылы коронавирус алгач жолу аныкталган бул шаардагы базарга, ооруканаларга, лабораторияларга барышат.

АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган адистер коронавирусту биринчилерден болуп жугузган адамдар менен баарлашууну да пландап жатат. Илимпоздор коронавирус адамга кантип жукканын иликтешет.

ДССУнун эксперттери Кытайга бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн соң гана киргизилди. Расмий Бээжин эл аралык адистердин келишине уруксат бербей келген.

Коронавирус алгач 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.

Вирус кандай жагдайда пайда болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Айрымдарына караганда, вирус жарганаттар аркылуу Ухандагы базарга жетип, ал жактан башка жаныбар аркылуу адамга жуккан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG