Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Президент инвесторлор менен мектептерди оңдоо тууралуу сүйлөштү


Президент Садыр Жапаров «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү комплексинин курулушу менен таанышты. 31-январь, 2020-жыл.
Президент Садыр Жапаров «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү комплексинин курулушу менен таанышты. 31-январь, 2020-жыл.

Президент Садыр Жапаров инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугуп, алар менен өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоого колдоо көрсөтүү жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 31-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылындагы «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү комплексинин курулушун көргөнү барып, жергиликтүү эл менен жолуккан учурда айтты.

“Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете. Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөрүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчы сырттан келген жардамды жана ички булактарды колдонуп, айылдардагы социалдык имараттардын маселесин чечүүгө аракет кыларын билдирди. Бул Жапаровдун расмий кызматка киришкенден бери алгачкы жолу эл менен жолугушуусу болуп калды.

Мыкан айылындагы «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылоодо. Комплекске 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет.

Өкмөттүк комиссия 2019-жылы Кыргызстан боюнча 245 мектепти авариялык абалда деп тапкан. Анын 117синин ордуна республикалык бюджеттин, чет элдик фонддордун жана Бишкек, Ош мэрияларынын эсебинен жаңы мектептер курулат.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG