Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Пакистан Кытайдан 500 миң доза вакцина алдырат


Коронавируска анализ алып жаткан медкызматкер. Пакистан. 7-сентябрь, 2020-жыл.
Коронавируска анализ алып жаткан медкызматкер. Пакистан. 7-сентябрь, 2020-жыл.

31-январда Пакистандын аскердик учагы Кытайга коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын - 500 миң доза алып келүү үчүн жөнөп кетти. Кийинки аптада Пакистанда жапырт эмдөө башталары күтүлүүдө. Алгач каттоодон өткөн 400 миңдей медкызматкерге сайылат.

Ишембинин кечинде расмий Исламабад «Астразенека» британ-швед компаниясынан 17 миллион доза вакцина аларын кошумчалады. Өкмөт билдиргендей, аталган компаниянын вакцинасын алып келүү COVAX эл аралык альянсы аркылуу ишке ашырылып, алгачкы партиясы февралда түшөт.

Пакистандын дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы ошондой эле Орусиянын “Спутник-V” деп аталган вакцинасын да жактырды.

Жакында эле "Gallup Pakistan" уюму өткөргөн сурамжылоо пакистандыктардын дээрлик жарымы коронавируска каршы вакцинаны сайдыртуудан баш тартышарын көрсөттү.

200 миллиондон көп адам жашаган Пакистанда 11 миңден көп адам коронавирустан каза болгону расмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG