Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Белгилүү профессор Раимжан Эгембердиев дүйнө салды


Раимжан Эгембердиев окуучулары менен.
Раимжан Эгембердиев окуучулары менен.

Профессор, филология илимдеринин доктору, Манас изилдөөчү Раимжан Эгембердиев көз жумду.

Раимжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында төрөлгөн. Токмоктогу республикалык маданий агартуу окуу жайын (1961-жылы), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1970-жылы).

Эгембердиев Кыргыз радиосунда, "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген. 1975-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде улук окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүп, "Манас" эпосундагы фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Раимжан Эгембердиев эпостогу фразеологизмдер жагдайындагы макалалардын, бир нече китептин автору.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG