Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

ТИМ: Виза үчүн Казакстанга барчулардан негизсиз акы алган ортомчулар чыгып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет мамлекетке виза ачтырыш үчүн Казакстанга каттаган кыргыз жарандарынан негизсиз акы талап кылган ортомчулар чыгып жатат. Бул тууралуу 1-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, министрлик виза алуучу кыргыз жарандарына жардамын Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине дипломатиялык нота жөнөтүп көрсөтүп келе жатат. Былтыртан бери мындай нота аркылуу Кыргызстандын 2 миңдей жаранына виза алууга жардам берилди.

Бирок, ТИМ билдиргендей, айрым ортомчу адамдар жана уюмдар аларга кайрылгандардан «Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат алыш үчүн министрликке төлөш керек» деген негизде акча алып жатышканы белгилүү болду.

Министрлик элчиликке дипломатиялык нота жөнөтүү үчүн акы төлөнбөй турганын билдирип, андайларга ишенбөөгө чакырды.

Айрым чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин башкы кеңсеси Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында жайгашкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстан чек арасын былтыр жазында жапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG