Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Баланы зомбулуктан коргоо боюнча план иштеп чыгууга жарандык коом өкүлдөрү тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча план иштелип чыгууда. Бул тууралуу 1-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2024-жылга чейин эсептелген пландын долбоору азыр коомдук талкуудан өтүп жатат. Ал мыйзамдык база түзүү, жергиликтүү бийлик органдары менен иштөө жана балдарды да, ата-энелерди да укуктук жактан маалыматтык камсыз кылууга багытталган.

Талкууну уюштурууга техникалык жардамын көрсөткөн «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова «Азаттыкка» билдиргендей, алгачкы жолу мындай планды түзгөн иш тобуна жарандык коом өкүлдөрү катышууда.

«Биринчи жолу ушунчалык деталдуу, көп тараптуу план түзүлүп жатат, - деди ал. - Аны түзгөн иш тобуна мамлекеттик органдардан тышкары ар бир облустан жарандык коом өкүлдөрү тартылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-2020-жылдары ага чейинки жылдарга караганда балдарга карата зордук-зомбулук дээрлик 50% көбөйгөн».

Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөрүн жакында Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлаган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ата-энеси мигрант болуп башка өлкөгө кеткен 6 миңдей бала эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG