2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 6…11;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10 градус болот.