Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Президент Жапаров аппаратынан таза иштөөнү талап кылды


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

«Тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартылат». Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаровго шилтеме берип билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров 1-февралда президенттик аппараттын бөлүм башчылары менен жолугушуп, алардан ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөнү талап кылды. Ал эки негизги мүшкүлдү – коррупцияны жана бюрократияны жоюу зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле президент башкаруу системасын оптималдаштыруу, кадрларды кесиптик чеберчилигине жараша тандоо керек экенин айтып, жетекчилерден ачык-айкын, натыйжалуу иштөөнү талап кылды.

Садыр Жапаров президенттик кызматка 28-январда расмий киришкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловду пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары 30-январда камакка алган.

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. (RK)

XS
SM
MD
LG