Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Мьянмада аскердик төңкөрүш болду


Мьянма, 1-февраль, 2021-жыл.
Мьянма, 1-февраль, 2021-жыл.

Куралдуу күчтөр бир жылга чукул кырдаал жарыялап, бийликти армиянын башчысына өткөрүп беришти. Маалыматтарга караганда байланыш үзүлүп, өкмөттүк теле жана радио чыкпай калды.

Аскерлер жогорку жетекчилерди кармаганын билдиришти. Анын ичинде Мьянманын иш жүзүндөгү лидери, бийликтеги «Демократия үчүн улуттук лиганын» башчысы Ауң Сан Су Чжи, президент Вин Мьин бар.

Армия өкүлдөрү камакка алуу былтыр ноябрда болгон парламенттик шайлоонун бурмаланышына жооп экенин билдиришти. Шайлоодо Ауң Сан Су Чжинин партиясы парламентте 396 орун алып, кабинет түзүү укугун алган. Ал эми Куралдуу күчтөр колдогон саясий блок 33 мандатка ээ болгон.

Маалыматтарга караганда аскерлер жаңы шайлоо өткөрүш керек экенин айтышууда.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Мьянманын жетекчилигинин кармалышын айыптап, элдин эркин урматтоого чакырды.

XS
SM
MD
LG