Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Кабулда талибдердин чабуулдары күчөдү


Кабулдагы кол салуу. 18-январь, 2021-жыл.
Кабулдагы кол салуу. 18-январь, 2021-жыл.

«Талибандын» согушкерлеринин Кабулдагы чабуулдары көбөйүп жатат, алар өкмөт өкүлдөрүн, активисттерди жана журналисттерди бутага алышууда. Бул тууралуу АКШнын Оганстандагы кайра куруу боюнча атайын инспекторатынын (SIGAR) жаңы отчётунда айтылат. Бул комиссия Ооганстанга жумшалган миллиарддаган доллар каражаттын сарпталышына көз салат.

«Душмандын чабуулдары мурунку үч айга караганда күчөдү. Былтыркы ушул мөөнөткө караганда да көбөйдү», деп айтылат 30-январда жарык көргөн баяндамада.

Декабрда талиб жоочулары чабуулдарын күчөткөн. Баглан жана Урузган провинцияларында эле эки күндө ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 19 аскери окко учкан. Кабулда жолго коюлган бомба жарылганда эки киши жарадар болгон, бир адвокатты атып кетишкен.

НАТО баштаган миссиянын маалыматына ылайык, былтыркы 1-октябрдан 31-декабрга чейин Ооганстанда 2 586 карапайым киши жабыркаган. Анын ичинен 810 киши өлгөн, 1 776 киши жарадар болгон.

АКШ армиясы ооган жергесиндеги жоокерлердин санын азайтуу максатына жакындаганын билдирген.

Жекшембиде ооган өкмөтү «Талибан» делегациясын Катардагы сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтууга чакырды.

XS
SM
MD
LG