Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

БУУ Армения менен Азербайжанды туткундарды дароо бошотууга үндөдү  


Тоолуу Карабак. Ноябрь 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. Ноябрь 2020-жыл.

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Армения менен Азербайжанды жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы уруш учурунда туткундалган адамдарды дароо бошотууга үндөштү.

Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаттын кеңсеси 1-февралда жарык көргөн билдирүүдө эки өлкө «маданий салттарды урматтоо» менен куралдуу кагылышууда каза тапкандардын сөөктөрүн жакындарына тезирээк өткөрүп берүүгө тийиш экенин белгиледи.

Армения жана Азербайжан былтыр күзүндө алты жума согушуп, 9-ноябрда Москванын ортомчулугу менен тынчтык келишимине жетишкен. Документке ылайык Баку соңку салгылашууларда кайтарып алган чөлкөмдөрдү сактап калды. Ал жерлерди армян жикчилдери дээрлик 30 жылдан бери көзөмөлдөп келишкен.

Уруш 4 700дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. БУУнун эксперттери көптөгөн кишинин дайынсыз болуп жатканына тынчсызданышат.

XS
SM
MD
LG