Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Косово менен Израил дипломатиялык мамиле түзүштү


Приштина, 1-февраль, 2021-жыл.
Приштина, 1-февраль, 2021-жыл.

Косово жана Израил дипломатиялык алака-катыш түзүштү. Тиешелүү документке 1-февралда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери онлайн салтанатта кол коюшту.

АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимде Балкандагы мусулман калктуу Косовонун элчилиги Иерусалимде ачылары айтылган.

Салтанатта Косовонун министри Израил өлкөнүн эгемендигин тааныган 117-мамлекет болуп калганын белгиледи.

Өткөн сентябрда АКШнын ошол маалдагы президенти Дональд Трамп Ак Үйдө Косово менен Сербиянын лидерлерин чогултуп, анда эки коңшунун мамилелери талкууланган. Ошондо Вашингтон Косово Израилди таанууга көнгөнүн жарыялаган. Сербия болсо Израилдеги элчилигин Иерусалимге которууга макул болгон. Бирок азыркыга чейин көчүрө элек.

Трамптын администрациясы Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп 2017-жылдын этегинде таанып, Тел-Авивдеги элчилигин 2018-жылы майда көчүргөн. Бул чечим палестиналыктарды, бир топ мусулман өлкөлөрдү катуу нааразы кылган. Европадагы айрым мамлекеттер бул чечим Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине көлөкө түшүрөт деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Былтыр Трамп бир нече араб мамлекеттери менен Израилдин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүүдө арачы түшкөн. Бирок араб өлкөлөрү алардын элчиликтери Тел-Авивде жайгашарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG