Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Былтыр коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталды


Кыргызстандын чек ара кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын чек ара кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, былтыр чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталды.

Анын ичинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында тогуз, кыргыз-өзбек чек арасында үч учур болду.

Кыргызстан төрт өлкө – Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Өзбекстанга жана Тажикстанга чектеш аймактарда утур-утур чыр чыгып, ок атылган учурлар бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1 378 чакырым. Анын 1 170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG