Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Жайыт талаш: Нарында митинг өтүп жатат


Нарын шаары. 2021-жылдын 2-февралы.
Нарын шаары. 2021-жылдын 2-февралы.

Нарын шаарында ушу тапта жайыт талаш маселесин чечүүнү жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты Алымбек Керимкановду бошотууну талап кылган акция өтүп жатат.

Уюштуруучулар 300дөй адам чогулганын, эгер талабы аткарылбаса нааразылык акциясы уланарын билдиришүүдө.

Расмий мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Нарын шаары. 2021-жылдын 2-февралы.
Нарын шаары. 2021-жылдын 2-февралы.

Өзүн Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну деп тааныштырган Куттубек Исаков «Азаттыктын» кабарчысына билдиргендей, былтыр жайында Кочкор жана Нарын райондорунун тургундарынын жайыт талашына жигердүү катышкан лидер Керимканов 1-февралда Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренесинин негизинде бир айга камакка алынды.

«Ал жерде ушунча эл жүрсө, арасынан ошону тандап алганы кызык, - деди ал. - Суракка барса кечээ камап коюшуптур. Үйүндө алты баласы бар. Эл үчүн күйгөн адам. Бизде бир эле максат – жайытыбызды мыйзам чегинде чечип, камап койгон балабызды чыгарып берсин».

Былтын июнь айында Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтү менен Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн малчылары жайыт талашып, жол тосушкан. Алардын чыры жакалашып, урушканга чейин жеткен. Эл чогулган жерге милициянын кошумча күчтөрү тартылган.

Нарын району Кочкор районуна тиешелүү Кара-Кужур өрөөнүн узак мөөнөткө жайытка пайдаланууга алган.

Кыргызстан боюнча узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттардын убактысы 2020-жылы бүтмөк. Өкмөттүн токтому менен ал 2030-жылга чейин узартылган. (BsB)

XS
SM
MD
LG