Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Чет өлкөлүк студенттер бир жылда дээрлик беш миңге азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда окуган чет өлкөлүк студенттер бир жылда дээрлик беш миңге азайды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик улан-кыздардын саны 15 миң адамды түздү.

Бир жыл мурда бул сан 20 миңдин, ага чейинки жылы 16 миңдин тегерегинде болчу.

Чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү - медициналык билим алуу үчүн келген индиялык жана пакистандык жаштар.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын «кара тизмеге» киргизип, муну билим берүү сапатынын төмөндүгү менен түшүндүргөн. Кыргызстан лицензиялык көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатканын билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда көпчүлүк окуу жайлары убактылуу жабылып, окутуу онлайн режимде өтүп жатат. Айрым чет өлкөлүк студенттер мекенине кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG