Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Жалал-Абад: Борбордук базарда иштегендердин нааразылык акциясы уланууда


Жалал-Абад шаары. Базарда иштегендердин акциясы уланууда. 2-февраль, 2021-жыл.
Жалал-Абад шаары. Базарда иштегендердин акциясы уланууда. 2-февраль, 2021-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда иштеген соодагерлердин нааразылык акциясы бүгүн, 2-февралда да уланды. Мэриянын базардын муниципалдык бөлүгүн башка жерге көчүрүү планына макул болбогон 50-60 соодагер кечээ митинг уюштурган. Бүгүн дагы 20-30 адам чыкты.

Алар «Азаттык» радиосунун кабарчысына айтып бергендей, мэрия сунуш кылган жерде соода болбой каларынан кооптонуп жатышат. Айрымдары банктан насыя алгандыктан карызынан кутула албай калышынан коркушат жана азыр иштеп жаткан базардын шарттары аларды канааттандырат.

Шаар башкармалыгы базардын муниципалдык менчиктеги бөлүгүндө соода кылган 200дөй адамды бир чакырым аралыкта жайгашкан жаңы жайга көчүрүүнү көздөөдө. Мэрия соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүү, санитардык жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөп жатканын, алгачкы алты айда аларга жеңилдик берилерин билдирүүдө.

Жалал-Абаддын борбордук базарында буга чейин бир нече жолу өрт чыккан. (TB)

XS
SM
MD
LG