Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Москвада Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды


Москва, 2-февраль, 2021-жыл.
Москва, 2-февраль, 2021-жыл.

Москва шаарынын полициясы оппозиционер Алексей Навальныйдын иши сотто каралганы жатканда бир нече кишини кармап кети. «Reuters» маалымат агенттиги кеминде 20 кишинин кармалганын жазды. Процесс алдында айланадагы көчөлөр жабылды, полиция күчтөрү сот имаратын курчоого алышты. Бүгүн Навальныйдын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу өкүмүн реалдуу мөөнөткө алмаштыруу каралганы жатат. 2014-жылы оппозиционер 3,6 жылга кесилген.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган. Эртеси Химкиде өткөн сот 15-февралга чейин ТИЗОго камаган.

Жаза аткаруу кызматы Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Сыноо мөөнөтү 30-декабрда аяктаган, ал эми «Ив Роше» ишине байланышкан өкүмдү Европанын адам укуктары боюнча соту мыйзам бузуу менен чыгарылган деп эсептейт.

Оппозиционер 20-августта Томскиден Москвага баратканда өзүн жаман сезип, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген. Орусиялык дарыгерлер ууландыруу версиясын жокко чыгарышкан. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальныйдын аскердик «Новичок» затына окшогон ууга туш болгонун аныкташкан. Батыш бул ишти иликтөөгө чакырып келатат.

Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында орус атайын кызматы – ФКК турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

23 жана 31-январда Орусиянын жер-жеринде оппозиционерди колдоо акциялары өттү. Полиция аларды аёосуз таркатты. Маалыматтарга караганда миңдеген киши кармалды.

XS
SM
MD
LG