Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Пакистандын Жогорку соту америкалык журналистти өлтүрүүгө катышкан кишини бошотууну чечти


Ахмед Омар Саид Шейх Карачидеги сотто. 2002-жыл.
Ахмед Омар Саид Шейх Карачидеги сотто. 2002-жыл.

Пакистандын Жогорку соту америкалык журналист Дэниел Перлди өлтүргөн кишини түрмөдөн бошотууга буйрук берди. Өткөн аптада үч судьядан турган коллегия Ахмед Омар Саид Шейхти бошотууну чечкен. Ал 2002-жылы «Wall Street Journal» гезитинин кабарчысын уурдап кетип, көзүн тазалоого катышы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал кылмышты «Аль-Кайида» жана Пакистандагы радикал исламчылар ишке ашырган.

Былтыр апрелде өкүм жокко чыгарылып, жети жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган.

Лондондогу Жогорку Экономика мектебинин мурдагы студенти Шейхти жана соттолгон дагы үч кишини коё берген чечими Перлдин үй-бүлөсүн жана Пакистан өкмөтүн шок абалда калтырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен соттун кадамын «террорчулуктун бардык, анын ичинде Пакистандагы курмандыктарын мазактоо» катары баалады жана Кошмо Штаттар Шейхти өлкө ичинде жоопко тартууга даяр экенин билдирди.

38 жаштагы Перл Карачиде уурдалганда «The Wall Street Journal» гезитинин Түштүк Азиядагы бюросунун жетекчиси болчу. Маркум исламчыл согушкерлер боюнча иликтөө жасап жүргөн. Маркумду мууздап жатышканы тартылган видео бир айдан кийин АКШнын консулдугуна жөнөтүлгөн.

Шейх 2019-жылы кабарчыны өлтүрүүдө «чакан» роль ойногонун жазган кат өткөн айда Пакистанын Жогорку сотуна берилген. 27-январда гана анын адвокаттары кат тууралуу маалыматты бышыктап, бирок Перлдин көзүн тазалоого кандайча катышканын айтышкан жок.

XS
SM
MD
LG