Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Финполдун ардагерлери бул мекеменин жоюлушуна каршы болуп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштуулуукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү бул мекемени жоюуга каршы. Мындай пикирин алар бүгүн, 2-февралда Бишкекте, Жалал-Абадда жана Нарында уюштурган басма сөз жыйындарында билдиришти. Кеңештин төрагасы Мирбек Үсөбаев:

«Бөлөк мамлекеттерде да мурун жоюлган болчу. Бирок мына, бир жума мурун Казакстанда Экономикалык кылмышка каршы агенттик кайра ачылды. Өкмөттүн эмес, президенттин алдында ачылды. Бул керек», - деди.

Финансы полициясын жоюуга каршы пикирин бул мекеменин Коомдук кеңеши, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү жана Юристтер ассоциациясы да айтып чыгышты.

Бул күндөрү Кыргызстанда өкмөттүн жаңы курамы парламентте талкууланып жатат. Сунуш кылынган долбоордо Финансы полициясы жок. Айрым маалыматтарга караганда, бул мекеменин кызматтык функциялары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадр маселеси боюнча билдирүү таратып, кайсы бир кызматты жоюуга каршы болуу түшүнүгүнөн алыс болууга чакырды. Ал азыр Кыргызстанда 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка мекеме бар экенин, ордуна 12 министрлик гана калып жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG