Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Москвада Навальныйдын соту уланууда


Навальныйдын сот жүрүмү. Москва, 2-февраль, 2021-жыл.
Навальныйдын сот жүрүмү. Москва, 2-февраль, 2021-жыл.

Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын иши каралып жаткан имараттын жанында күч түзүмдөрү камакка алгандар 230 адамдан ашты. «ОВД Инфо» борбору көчөдө адамдар туш келди кармалып, соттун жүрүшүн чагылдырып жүргөн журналисттер да катуу текшерүүгө кабылып жатканын кабарлоодо.

Навальныйдын сотуна бир катар Европа өлкөлөрүнүн Москвадагы дипломаттары менен ондогон чет өлкөлүк журналисттер келгенин орус Тышкы иштер министрлиги «өлкөнүн ички ишине кийлигишүү», «сотко жасалган басым» катары сындап жатат.

Бүгүн Навальныйдын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу өкүмүн реалдуу мөөнөткө алмаштыруу каралып жатат. 2014-жылы оппозиционер 3,5 жылга кесилген.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган. Эртеси Химкиде өткөн сот аны15-февралга чейин ТИЗОго камаган.

«Ив Роше» ишине байланышкан өкүмдү Европанын адам укуктары боюнча соту мыйзам бузуу менен чыгарылган деп эсептейт.

23 жана 31-январда Орусиянын жер-жерлеринде оппозиционерди колдогон акциялар өттү. Полиция аларды аёосуз таркатты. Маалыматтарга караганда миңдеген киши кармалды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG